Биз жөнүндө маалымат
Нурислам эмерек
"Нурислам Эмерек " ɵндүрүш ишканасы
Жалпы аянты 3000 чарчы метр келген ЖЧК «Нурислам Эмерек » ɵндүрүш ишканасы 2012 жылдын 15-ноябрында негизделген. Ал эми «Нурислам Эмерек» дүкɵнүнүн жалпы аянты 1300 чарчы метрди түзɵт. Жетекчиси Ɵмүргазы уулу Акылбек.
«Нурислам Эмерек » ишканасында уктоочу бɵлмɵлɵр жана ашкана үчүн эмеректер топтому, балдарга арналган ыңгайлуу кɵркɵм шɵкɵттɵгү керебеттердин жана кеңсе үчүн эмеректердин бир канча түрү жана Классика, Неоклассика, лофт стилиндеги эмеректер буйуртма аркылуу кардардын каалаган эмерегин ɵндүрүү менен алек болуп келет. Андан сырткары айнектердин түрлɵрүн обточка жана күзгүлɵрдүн беттерине фацет станокторунун жардамы менен кɵркɵм оймо түшүрүү менен буйуртма аркылуу иштеп келе жатат. Ишканада ɵндүрүлгɵн эмеректер республикабыздын Ысык-Кɵл, Нарын жана Чуй облустарына жана коңшу Казакстан республикасына кеңири тарап жатат.
Жетишкендиктерибиз
- 2019 жылдын 15 ноябрында «Каракол шаарынын 150 жылдыгына» карата юбилейлик медалы менен сыйланган;
- 2019 жылдын 18-декабрында «Облустун социалдык экономикалык ɵнүгүүсүнɵ зор салым кошуу менен иштеген тармагында ийгиликтерге жетишкендиги, коомдук иштердеги активдүүлүгү үчүн жана Ысык-Кɵл облусунун уюшулгандыгынын 80 жылдык урматына карата» Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн Ысык-Кɵл облусундагы Ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн «Ардак грамотасы» менен сыйланган.
- 2019 жылдын 24-декабрында Кыргызстанда ɵз ишмердүүлүгүн үлгүлүү кɵрсɵткɵн эмгеги жана кажыбас кайраты, түз позициясы жана жетишкен ийгиликтери, ɵлкɵгɵ кошкон салымы үчүн жылдын мыкты ишканасы «Нурислам Эмерек» «Кыргыз жер.kg» маданий журналынын диплому менен сыйланган.
- 2021 жылдын 27 августунда «Кыргыз Туу» гезитинин 30 жылдык маарекесине карата «Кыргыз Бренди» номинациясы.





Бүгүнкү күндө
Жашоо агымынын ɵзгɵрүшү менен рынок экономикасынын шарттарына ылайык «Нурислам Эмерек » ЖЧК су келечекте мындан ары ишин улап жеке ишкердүүлүктү ɵнүктүрүүгɵ даяр. Ошол эле учурда жумушсуз жүргɵн жарандарды жумуш орду менен камсыз кылып, замандын талабына ылайык көркөм шɵкɵттɵгү эмеректерди ɵндүрүү менен жаш ишкерлердин катарын толуктап аз болсо да мамлекетке ɵз салымын кошот.
